Шамал канаттарын жулуп кетчүдөй болуп. Калдаңдап жатып конгон учактын видеосу

Жазылуу
Англиядагы аэропорттордун бирине коноордо шамалга кабылып, асманда бир нече убакыт калдаңдап туруп, андан соң кооптуулук менен төмөндөй баштаган учактын видеосу тарады.

Англиядагы аэропорттордун бирине коноордо шамалга кабылып, асманда бир нече убакыт калдаңдап туруп, андан соң кооптуулук менен төмөндөй баштаган учактын видеосу тарады. Маалыматтарга караганда, шамалдын ылдамдыгы саатына 150 чакырымга жеткен.

Ал ирмемдерде салондун ичиндегилердин кандай абалда калганын эч ким билбеген менен сырттан карап тургандар деле бир топ кооптонгон.

Окуянын видеосу YouTube каналына жарыяланды.

Курулуш иштери. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: жаңы батирлердин баасы, алуу шарты, төлөө мөөнөтү. Тизме
Андагы маалыматка караганда, окуя 9-февралда болгон. Wizz Air компаниясынын лайнери Бирмингемдеги аба майданына конууга камына баштаганда "Сиара" деп аталган кубаттуу урагандын эпкининде калган.

Кадрдан алгач учактын канаты бирде өйдө, бирде ылдый болуп тең салмактуулугун сактай албай, калдаңдап, абада асылган сымал калганын көрүүгө болот. Бир нече ирмемден кийин учак жерди көздөй бир канаты менен капталдап бара жатып кайра оңолуп кеткен. Акырында, пилоттор бир нече жүздөгөн жүргүнчүсү бар учакты аман-эсен отургузган.

Видеону көргөн интернет-колдонуучулар учкучтардын чеберчилигине суктанып, пикирлерин калтырышкан.

Бири окуяга таңгалгандыгын, экинчиси учакка баа бергендигин жазса, үчүнчүсү ичинде отурган жүргүнчүлөрдүн ошол кездеги абалын элестетип алып, боору ооругандыгын айткан.

9-февралда Улуу Британияны акыркы жети жылдан бери кезиге элек кубаттуу "Сиара" ураганы каптаган. Шторм Лондондун бир катар аэропортторундагы каттамдар менен темир жол байланыштарын үзгүлтүккө учураткан.

Улуттук метеорология кызматынын маалыматына караганда, шамалдын ылдамдыгы саатына 150 чакырымга жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0