Жаш агызган жеңиш. Тыныбекованын мыкты балбандардын катарына кирген видеосу

Жазылуу
Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова өткөн жылдагы дүйнөдөгү мыкты балбандардын рейтингинде экинчи орунга татыды. Күрөш боюнча дүйнөлүк бирикме (United World Wrestling) үч күчтүү спортчу кыздын видеосун жарыялады.

Жылдын мыктыларын аныктоодо спортчулардын өткөн жылдагы ири мелдештердеги жетишкендиги, катышкан чемпионаттарынын жыйынтыгы эске алынган.

Чемпионат мира по спортивной борьбе в Нур-Султане. Финал по женской борьбе. 62 кг - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова UWW тарабынан "тарых жараткан адам" деп аталды. Видео
Тизмеде биринчи орунда 108 упай менен америкалык Тамира Менса турат. Ал эми экинчи орундагы Айсулуу Тыныбекова 94 упай алса, үчүнчү орунга чыккан германиялык спортчу Алине Фоккен 87 упайга ээ болуп кирген. Анын негизинде биринчи орунга 30 миң, экинчи орунга 20 миң, үчүнчү орунга 10 миң швейцария франкы берилет. Ошентип Тыныбекова 1 миллион 400 миң сомдон ашык акчалай сыйлык алат.

Буга чейин Тыныбекова UWW тарабынан "тарых жараткан адам" деп аталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0