Рим папасы Жаңы жыл тоскон түнү бейтааныш аялды чаап жиберди. Видео

Жазылуу
Кадрлардан көрүнүп тургандай, тосмо артындагы элдин арасында турган аял чиркөө жетекчисинин колунан кармагысы келип, өзүнө тартат.

Рим папасы Франциск Ыйык Петр аянтында Жаңы жыл тосуу салтанатында эл менен учурашып жатып, байтааныш аялды бир-эки жолу колго чаап жиберди.   

Бул тууралуу видео Ruptly порталынын YouTube каналына жарыяланды. 

Кадрлардан көрүнүп тургандай, тосмо артындагы элдин арасында турган аял чиркөө жетекчисинин колунан кармап, табынгысы келип, өзүнө тартат.

Ошол маалда Рим папасы кыжыры келип кеткен сыяктуу колун силкип, тиги аялды бир нече жолу колго чапкылап жиберет.

Муну көргөн жан сакчы дароо кырдаалды жөнгө салууга аракет кылат.

RT понтификтин эртеси кайра "кечээги олдоксондугум үчүн кечирим сурайм" дегенин кабарлады.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0