Владимир Путин хоккей жылдыздары менен музга чыкты. Видео

Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин Кызыл аянтта өткөн Түнкү хоккей лигасынын жолдоштук беттешине катышты.

Рабочая поездка президента РФ В. Путина в Санкт-Петербург - Sputnik Кыргызстан
Путин: Европа Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу жашыргысы келет
Муз үстүнө мамлекет башчыдан сырткары коргоо министри Сергей Шойгу, саясатчылар, бизнесмендер жана россиялык хоккей жылдыздары чыкты. Жыйынтыгында президенттин командасы 8:5 упай менен жеңүүчү болду.

Түнкү хоккей лигасы 2011-жылы Путиндин демилгеси жана хоккей ардагерлеринин колдоосу менен ачылган. Анын негизги максаты россиялыктарды спортко тартуу, шайба менен хоккей ойноону калк арасында жайылтуу жана өлкөнүн бардык аймактарын бириктирген ышкыбоздор арасындагы хоккей бирикмесин түзүү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0