16:01 20 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
Видео

Телестудияга кирип келген бөбөк алып баруучу энесинин шаштысын кетирди. Видео

Кыскача шилтеме алуу
885210

Журналист Сириядагы кырдаал туурасында айтып жаткан маалда эфирден кичинекей эркек баланын акырын жылып, ага жакындап келгенин көрүүгө болот.

Көптөрдү жылмайткан окуя NBC телеканалынын эфиринде болгон.

Видео көп өтпөй YouTube каналына жарыяланган.

Журналист Сириядагы кырдаал туурасында айтып жаткан маалда эфирден кичинекей эркек баланын акырын жылып, ага жакындап келгенин көрүүгө болот. Бөбөк энесинин (журналисттин) колунан тарткылап, алаксыта баштаган.

Анткен менен Кортни Кьюб алдастап калбай, абалды оңдоо үчүн баласы келип калганын көрүүчүлөргө кошо түшүндүрө кеткен.

"Кечиресиздер, бул жерде менин балам...",— деп жылмайган ал.

Бул учурда режиссерлор камераны алып баруучудан алып кетип, эфирде Жакынкы Чыгыштын картасын көрсөтүп, абалды оңдоп кетишти. Ал эми кадр артында журналисттин кеби үзгүлтүккө учураган жок, тагыраагы, ал баласына алаксып, окуп жаткан текстинен жаңылган эмес. Бир нече ирмемдерден кийин Кортни Кьюб кайрадан эфирде пайда болгон.

2017-жылы да интернет айдыңында ушуга окшогон күлкүлүү видео пайда болгон. ВВС телеканалынын түз эфиринде интервью берип жаткан адистин балдары кошо эфирге аралашып кеткен. Анткен менен эксперт алып баруучу менен диалогун эч нерсе болбогондой уланта берген.

Тема боюнча

BBC каналына онлайн-маек берип жаткан адистин бала-чакасы эфирди бузуп кое жаздады
Белгилер:
эфир, алып баруучу, АКШ

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ