БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. ВВС телеканалынын түз эфиринде интервью берип жаткан адистин балдары кошо эфирге аралашып кеткен видеосу интернетте өтө популярдуу болуп кеткенин The Sun басылмасы жазып чыкты.
This guest managed to keep his composure when his children interrupted his live @BBCWorld TV interview pic.twitter.com/3x5tgsVR8R
— BBC News (World) (@BBCWorld) 10 марта 2017 г.
Күлкүсү келген алып баруучу профессорго кадрга башка адамдар кошулуп калганын айтат. Ал эми Келли кызын ары жакка түртүүгө аракет кылат. Ушул маалда бөлмөгө шашкалактаган аялы кирип, эки баланы тең алып чыгып кетет. Андан дагы кызыгы аялы камерага көрүнбөө аракети менен жөргөлөп кирип, эшикти жаап кетет.
Кийинчерээк телеканал интервью берген адамдын өзүн-өзү жоготуп койбогонуна таң бергенин айтып, видеону Twitter тармагындагы расмий аккаунтуна жүктөгөн.
"Биздин бүгүнкү коногубуз түз эфирге балдарынын кошулуп кеткенине карабай, өзүн темирдей бекем кармады", – деп жазылган билдирүүдө.
Видео интернетте өзгөчө популярдуулукка жетишти, ВВС расмий аккантунан эле аны менен 14 миң колдонуучу бөлүшкөн.