Катер менен 6 чакырым жүрүп жеткен Токтобек-Сай айылы. Видео

Жазылуу
70-жылдары Токтогул суу сактагычынын алдында 25 айыл калган. Токтобек-Сай айылынын тургундары 90-жылдары туулуп-өскөн жерине кайтып, тааныбай калышкан. Бул мезгил аралыгында жергиликтүү климат катуу өзгөрүүгө туш болгон экен.

1973-жылы Токтобек-Сай айылы Токтогул суу сактагычынын алдында калат. Жерин таштап кеткен жашоочулар 90-жылдары Жалал-Абадда таптакыр жашоо болбой калганда кайра көчүп келишкен.

Эч ким телефон колдонбойт, TV көрбөйт! - Sputnik Кыргызстан
Эч ким телефон колдонбойт, TV көрбөйт! Табышмактуу кыргыз кыштагынан кызык баян
Токтобек-Сайга жетүү үчүн 6 чакырым катер менен жүрүү керек, бирок жергиликтүүлөрдү мындай аралык кооптондурбайт. Анткени суу сактагычтан улам бул жердин түшүмдүүлүгү болуп көрбөгөндөй өскөн.

Кар жатпагандыктан жашоочулар керек болсо кышында да мал жайышат. Андан сырткары, суудан креветка кармап кууруп жегенди да үйрөнүшкөн. Суудан медузаларды да кездештирүүгө болот, бирок форелдин түбүнө жетишиптир.

Токтобек-Сай айылы тууралуу абдан кызыктуу лонгрид даярдалды. Бир көз чаптырып көрбөйсүзбү.

Жаңылыктар түрмөгү
0