Россияда кыргыз таксист ага ороңдогон эки кишини сабап салды. Видео

Жазылуу
Кыргызстандын социалдык тармактарында жана мессенджерлеринде Кыргызстанда туулуп-өскөн Алмаз Масабировдун Екатеринбургдун көчөсүндө эки киши менен мушташып жаткан видеосу тарады.

Тасма YouTube каналына жарыяланган.

Таксист Нурсултан Кайназаров - Sputnik Кыргызстан
Аз жерден калдым! Москвада 1 млн. рублди ээсине кайтарган таксисттин маеги
Роликте Масабиров таксист болуп иштей турганы айтылат. Ал күнү айдоочу жүргүнчүлөрүн ташып бараткан, бирок анын жолун башка айдоочу тосуп алган. Алмаздын айтымында, ал жолду бошотуп берүүнү өтүнгөн, бирок ороңдогон жооп уккан. Таксист чырды болтурбоо үчүн өзү спорт менен машыгарын айтып эскертүү берген. Бирок эки киши анын машинадан чыгуусун талап кылып, маселени башка жерден "чечүүнү" айтышкан.

Масабиров жаакка сокку жегенден кийин экөөнү тең сабап салган. Маалыматта Алмаз аралаш мушташ боюнча мушкер экени айтылат.

Таяк жегендер кийин полицияга арыз жазышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0