18:40 20 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6517
  • EUR78.3651
  • RUB1.1079
Видео

Шакирттикке көп киши чыдабайт. Чопону ийге келтирген чебер Мурзаевдин өнөрү

Кыскача шилтеме алуу
Зульфия Тургунова
13810
© Sputnik / Зульфия Тургунова

Араван районунун 46 жаштагы тургуну Шарабидин Мурзаев 26 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Кол өнөрчүлүк анын жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланган. Бул өнөр чыгармачылыкты гана эмес, чыдамкайлыкты да талап кыларын айткан чебер Ош шаарынын баалуулуктарын камтыган буюмдарды жасайт. Анын колунан жаралган ар бир буюм жергиликтүү калктын гана эмес, чет өлкөлүктөрдүн да купулуна толууда.

Учурда уста өзү жашаган үйүнүн бир бөлмөсүндө иштейт. Атайын устакана ачууга же ижарага алып иштетүүгө азырынча чамасы жетпейт. Бирок ага кайсы жайда болбосун оргуштаган ойлор келе баштаганда буюмдардын сөлөкөтүн алгач кыялында даярдап, анан жасоого киришет. Эргүү дайыма эле келе бербейт, ал келер замат билек түрө шымалана буюм жасоого киришет. Сапатына карап чопону атайын Өзгөндөн гана алып келет.

Чопону даярдоого жок эле дегенде бир ай убакыт керектелет. Даяр болгон соң атайын аппараттын жардамы менен чопону ийге келтирип, керектүү форма чыгарып, өзү каалаган буюмду жасайт.

"Даяр болгон буюм жогорулатылган температурада бир сутка кармалып, кайра акырындык менен муздатылат. Мындай ыкма менен жасалган буюм бекем болот", — деди ал.

Мурзаев көл өнөрчүлүк кесипти үй-бүлөсүнүн негизги киреше булагына айланткан.

"Негизинен чопо менен иштегендер сүрөтчү да болушу керек. Себеби сүрөтчүлөр гана ойлогон оюн чопого түшүрө алышат. Негизинен жасаган буюмдарда көбүнчө тарыхый жерлерди, каармандарды чагылдырам. Чопо менен иштөө бир топ түйшүктүү келет. Бардык эле чопону пайдалана албайбыз. Чопонун курамына өзгөчө маани берилет. Андан сырткары, ар бир эле киши чопо менен иштеп кете албайт. Шакирт болууну каалаган көп эле балдар кайрылган. Бирок чыдамы кеткенде бул өнөрдү бат эле таштап салышат", — деди ал.

Мурзаев өлкө аймагында уюштурулган ар кандай көзгөзмө-жарманкелерге такай катышат. Жасаган эмгектери 100 сомдон 12 миң сомго чейин бааланат.

1997-98-жылдары Кыргызстанда уюштурулган көргөзмөдө Шарабидин Мурзаевдин эмгектери алтын медалга татыган болсо, 2000-жылы Германияда өткөн сынакта да алдыңкы орунду багындырып, алтын медаль алууга жетишкен.

Тема боюнча

Чавадан, жылаажын, баргек, түрпү... Сейрек сүйлөнгөн сөздөргө саякат
Белгилер:
кол өнөрчүлүк, Араван району, талант, чопо чоор

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ