Айылды аралаган сел, суу алдында калган короо-жай. Ноокатта тартылган видео

Жазылуу
Учурда жеринде ӨКМдин ыкчам тобу иштеп жатат.

Ош облусунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты.

Почти реально! Как спасатели работают при ЧС в Кыргызстане — видео - Sputnik Кыргызстан
Урандыда калган киши, шашылган тик учак, алоолонгон өрт. ӨКМдин машыгуудагы видеосу
Жаратылыш кырсыгы болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы да тастыктады.

Ага ылайык, 18-майдан 19-майга караган түнү Ноокат районундагы Зулпуев, Жатан айылдарында сел жүргөн. Кокту-колоттон аккан суу тургундардын короолору менен турак-жайларын каптаган.

Учурда жеринде ӨКМдин ыкчам тобу иштеп жатат, азырынча жабыркагандар менен жапа чеккендердин саны айтыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0