00:39 27 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.1272
  • RUB1.0811
Видео

Буту тайып... Бийик имараттын кырында туруп кулап кеткен жигиттин видеосу

Кыскача шилтеме алуу
1081 0 0

Бери жактагы имараттан карап тургандар жигиттин 18-кабаттан кантип капыстан кулап кеткенин видеого тартып алышкан.

Видео YouTube каналына жайгаштырылган. 

Кытайдын Хэнань провинциясында болгон окуяны TVBS телеканалы алып берген.

Кадрдан бийик тамдын кырында маңдай жакты карап турган жигиттин буту тайып кеткенин көрүүгө болот.

Жергиликтүү полиция анын ким экендигин тактап билген. 19 жаштагы жигит телефон менен сүйлөшүп жатканда имараттын дубалындагы сууктан коргош үчүн чапталган жылыткыч материал чыгып кеткендигин айтышкан. Бийиктен кулаган улан каза болгон.

Тема боюнча

Бишкекте 5-кабаттан кулап кеткен киши аман калды
Белгилер:
полиция, имарат, бийиктик, Кытай

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ