00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
К 10-летию ЕАЭС. О достижениях в сфере поддержки бизнеса стран союза
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
"Түндүк" системасынын колдонуучуларынын саны 2 миллиондон ашты — канча жаңы кызмат кирди?
09:05
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
5 мин
Тема дня
Развитие трансплантации, строительство больниц и изменение законов: итоги года в здравоохранении КР
10:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстандын камсыздандыруу системасы КМШда үлгү болуучу деңгээлге жетти. Жарандар эмнени так билиши керек?
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Рекордное потребление электроэнергии: причины и меры Минэнерго
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Китепкананын учурдагы ролу канчалык? Улуттук китепкана заман талабына жараша өзгөрүүгө муктаж
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
ӨКМге бир катар заманбап технологиядагы техникалар алынууда
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Структура личности
Русский язык как инструмент межкультурного диалога в странах ЕАЭС
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Жусуп Баласагындын кыргызга таандыгын далилдеген окумуштуу Качкынбай Артыкбаев
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Какие геополитические изменения произошли в 2024 году
18:07
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
2025-жылдан тарта Премьер-лигадагы командалардын саны өсөт, клубдар өспүрүм кыздар командаларын түзүүгө милдеттендирилет
19:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ӨКМге бир катар заманбап технологиядагы техникалар алынууда
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Корейче сүйлөп, ырдаган депутат Аида Исмаилова көчө шыпырды. Маектин видеосу

Жазылуу
Ак үйдө отурган аткаминерлердин көчө шыпырганын көрдүңүз беле? Же андай болушу мүмкүн эмес деп ойлойсузбу? Анда Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Эл арасында" долбоорун көрүүнү сунуштайбыз. Бүгүн депутат Аида Исмаилова колуна шыпыргы кармап Бишкектин Эркиндик проспектисиндеги гүл бакты тазалады.

Исмаилова Жогорку Кеңештеги жаш депутаттардын бири. "Республика – Ата Журт" фракциясынын тизмеси менен келген. Ага чейин кореялык компанияларда котормочу, менеджер болуп иштеп, Silk road services деп аталган жеке компанияны жетектеген.

© Sputnik / Эркин СадыковАида Исмаилова Жогорку Кеңештеги жаш депутаттардын бири. "Республика – Ата Журт" фракциясынын тизмеси менен келген.
Корейче сүйлөп, ырдаган депутат Аида Исмаилова көчө шыпырды. Маектин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Аида Исмаилова Жогорку Кеңештеги жаш депутаттардын бири. "Республика – Ата Журт" фракциясынын тизмеси менен келген.

Эл өкүлү журналист Эламан Карымшаков менен эмгек үстүндө баарлашты. Ал Бишкек шаарында туулуп-өскөнүнө карабай, үй жумуштарын кенен-чонон жасай ала турганын айтты. Бала кезде үч айлык каникулда Жети-Өгүздө жашаган таенесинин үйүнө барып, айылдын иштерин жасачу экен. Жаңы келин болгондо да короо шыпырганын эстеп өттү.

Аида Исмаилова Бишкек гуманитардык университетинде "экономист — чыгыш таануучу" адистиги боюнча окуган. Ал жактан корей тилин үйрөнүп, кореялык компаниялар менен иштешип келген.

© Sputnik / Эркин СадыковЭл өкүлү Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Эл арасында" долбооруна катышып Эркиндик проспектисиндеги гүл бакты шыпырды
Корейче сүйлөп, ырдаган депутат Аида Исмаилова көчө шыпырды. Маектин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Эл өкүлү Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Эл арасында" долбооруна катышып Эркиндик проспектисиндеги гүл бакты шыпырды

"Башында япон тилине тапшырайын дегенде бир орунду эки кыз талашып калдык. Анан декан атамды чакырып, ал кыз алыскы региондон келгендиктен жол бошотууну сураган. Ушуга байланыштуу корей тилин тандагам. Былтыр Кореяга барып депутаттар менен жолукканда котормочу берген. Мен ага чыдабай кетип сүйлөп жиберсем, башка өлкөнүн парламентарийи корейчени каяктан билет деп аябай таң калып, кайра-кайра карашкан", — деди Исмаилова.

Эл өкүлү чыгармачылык чөйрөдөн дагы алыс эмес экен. Окуучу кезинде пианинодо ойноп, ыр жазып, "Эрсай" эстрада тобунун солисти болгонун айтат. Эки жыл бою Жамиля Муратова, Алина Жетигенова, Расул Маматкулов, Мерген Турган сыяктуу ырчылар менен бирге ырдап жүргөн экен. Ошол учурдагы "Кызыл гүл болуп жайнайсың" деген жакшы көргөн чыгармасын бизге да аткарып берди.

© Sputnik / Эркин СадыковИсмаилова иш учурунда корейче сүйлөп, ырдап көмүскөдөгү таланттарын ачыктады
Корейче сүйлөп, ырдаган депутат Аида Исмаилова көчө шыпырды. Маектин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Исмаилова иш учурунда корейче сүйлөп, ырдап көмүскөдөгү таланттарын ачыктады

Исмаилованын депутат катары жасаган иштерин көрүп эле жүрөбүз. Ал эми үйдө кандай кожойке экенине кызыгып суроо узаттык.

"Пирог, булочка сыяктуу таттуу нан азыктарын, фунчоза салатын жана балык менен тамак жасаганды жакшы көрөм. Анан пульгоги деген корей тамагын жакшы көрүп жасап жейбиз. Аны этти маринаддап, жемиштерди кошуп газга бышырабыз. Аябай даамдуу болот. Кызматчы алганды жактырбайм, үй иштерин өзүбүз эле жасайбыз, балдарым да чоңоюп калган. Кызым 16, балам 13 жашта, жолдошум да жардам берет. Жолдошум менен 1-курста окуп жатканда таэквондо боюнча иш-чарага барып таанышып калгам. Ал ошол жерде машыккан алдыңкы спортчу экен. Анан сегиз жыл сүйлөшүп жүрүп баш коштук. Эгер дароо эле бүлө курганыбызда азыр неберелүү болуп калмак экенбиз", — деп тамашалады депутат.

Ошондой эле ал учурда жолдошу жеке ишкердик менен алектенерин кошумчалады.

© Sputnik / Эркин СадыковДепутат менен болгон иш учурундагы маек 1,5 саатка созулду.
Корейче сүйлөп, ырдаган депутат Аида Исмаилова көчө шыпырды. Маектин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Депутат менен болгон иш учурундагы маек 1,5 саатка созулду.

Аида Исмаилова ЖКда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин мүчөсү. Бул тармактан коррупцияны казганда жогору жактан коркутуу-үркүтүүлөр болгонун белгиледи.

"Саламаттык сактоо системасын изилдөө боюнча жумушчу топ түзгөнбүз. Ал жакта коррупция илгертен бери ичине кирип тамырлап кетиптир да. Анын жарымын гана казып, кадрдык мыйзам бузуулар, коррупциялык жол менен жүргүзүлгөн сатып алуулар боюнча 100 барак кылып комитетке чыгарайын дегенбиз. Ошол маалда мурунку президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов чалып менин консультанттарымды коркутуп-үркүтө баштады. Бирок ага карабай комитеттен өткөрүп өкмөткө жибергенбиз. Эми ал жактан жакшы каралбай жатат", — деп нааразы болду Исмаилова.

Мындан сырткары, ал өкмөт дары-дармек боюнча талап кылган иштеринин 70 пайызын аткарганын билдирди. Эми принципиалдуу учурлар калганын айтып, ал схеманын жолун бууса коррупциянын жарымы жоюла турганын билдирет.

© Sputnik / Эркин Садыков Аида Исмаилова "Эл арасында" долбооруна катышуу кезегин кесиптеши Элвира Сурабалдиевага узатты.
Корейче сүйлөп, ырдаган депутат Аида Исмаилова көчө шыпырды. Маектин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Аида Исмаилова "Эл арасында" долбооруна катышуу кезегин кесиптеши Элвира Сурабалдиевага узатты.

Ошол эле учурда өкмөттүн жалпы ишине баа берип, өлкөдөгү кырдаал боюнча пикирин айтты.

Көк баштык көтөргөн Момбеков шаарды тазалады. Иш учурундагы маектин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Көк баштык көтөргөн Момбеков шаарды тазалады. Иш учурундагы маектин видеосу
"Мен азыр өкмөттүн ишине "канааттандырарлык" деп баа бере албайм. Бирок учурда бизге стабилдүүлүк керек болууда. Анын үстүнө бир нече күчтөр чыгып, ар кандай аракеттерди жасап жатат. Ошондуктан азыр өкмөт дагы кетип калса, жаман эле иш да. Менин жеке пикиримде иштеп турганы дурус. Анын арасынан ишин эптей албаган министрлерди карап чыгышыбыз керек", — деди Исмаилова.

Эл өкүлү менен болгон иш учурундагы маек 1,5 саатка созулду. Соңунда ал эртең менен көнүгүү жасагандай сергип калганын айтты. Ал эми "Эл арасында" долбооруна катышуу кезегин кесиптеши, депутат Элвира Сурабалдиевага узатты.

Жаңылыктар түрмөгү
0