11:00 24 Чын Куран 2019
Түз эфир
  • USD69.7009
  • EUR78.4240
  • RUB1.0927
Видео

Көзүңдү кара! Телефон тиктеп бараткан жигиттин аңга кулаган видеосу

Кыскача шилтеме алуу
742 0 0

Перуда колундагы телефондон көзүн албай бара жаткан жигит канализациялык люкка түшүп кетти.

Окуя өлкөнүн түштүк тарабындагы Ика шаарында болуп имараттарга коюлган видеобайкоого тартылып калган.

Кадрдан көрүнгөндөй, окуянын каарманы Луис Альберто Крусес Бердехо кооптуу жер экенин эскертип тасма менен тосулганын да байкабай смартфонго үңүлгөн бойдон келип люкка түшүп кеткен.

Жергиликтүү ЖМКлар кулап кеткен жигитти аңдан өрт өчүрүүчүлөр чыгарганын жазды. Ал жеңил жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Тема боюнча

Көзүңдү кара! Телефонго тигилген адамдардын жолдон өткөн "кербези"
Белгилер:
жигит, телефон, Перу

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ