10:04 12 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8426
  • EUR77.0294
  • RUB1.0928
Видео

Албек Ибраимовду сот залынан аскерлердин коштоосунда алып кетишти. Видео

Кыскача шилтеме алуу
Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иши (16)
1609 0 0
© Sputnik / Расул Усеналиев

Айыпталуучулардын бирөөсүнүн адвокаты келбей калгандыктан сот отуруму 30-январга жылдырылды.

Мындай чечимди сот отурумуна төрагалык кылган Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова кабыл алды.

Соттун жүрүшүндө Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев айыпталуучулар менен жактоочуларына сот залында шарт түзүлбөгөнүн айтты.

"Бул жерде 9 кишинин ишин карап жатабыз. Аларга да, адвокаттарга да шарт түзүлгөн эмес. Ошолорду камсыздаш керек", — деди Слесарев.

Судья Архарова бул жерде болгон шарт ушул экенин айтып, райондук сот жаңы имараттуу болгондо гана адвокаттын өтүнүчү канааттандырыларын белгиледи.

Сот ишине алынып келген Албек Ибраимов аскерлердин коштоосунда сот залынан чыгарылып кетти.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго карата Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу"), борбор калаадагы жер тилкелерин бөлүштүрүүдөгү коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. УКМКнын маалыматы боюнча Ибраимов мэр болуп турганда жеке тараптарга жер берүү боюнча коррупциялык схема түзгөн.

Ал 2018-жылдын 19-июлунан тарта камакта болчу.

Тема:
Албек Ибраимовго козголгон кылмыш иши (16)

Тема боюнча

Албек Ибраимовдун иши боюнча райсоттогу отурум кийинкиге жылды
Белгилер:
коррупция, сот, Албек Ибраимов

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ