Дагестанда 5-кабаттан кулаган кызды айдоочулар тосуп алды. Видео

Жазылуу
Окуя Махачкалада болгон. Маалыматта кызды ата-энеси үйгө жалгыз калтырып кеткени айтылат. Ал терезени ачып, тайгаланып кеткен да, асылып калган. Наристени маршрутканын айдоочусу байкап, кесиптештерин жардамга чакырган.

5-кабаттан кулаган кызды эки эркек киши тосуп алганын Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. Окуянын видеосу интернетке жарыяланган.

Алдын ала маалымат боюнча беш жашар Айшат үйдө жалгыз болчу. Атасы жумушка, энеси дүкөнгө чыгып кеткен. Кыз терезени ачканда  тайып кеткен да, асылып калган. Наристени аялдамада токтоп турган маршрутканын айдоочусу Тагир Магомедов байкап, кесиптештерин чакырган. Биринчи болуп жардамга диспетчер Айдемир келген.

Үйдүн подъездинин алдында жаткан гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көзүң жамандыкты көрбөсүн! 11-кабаттан кулаган аял кишини өлтүрүп кое жаздады
Натыйжада кыздын тизеси чыгып, эти көгөрүп калганы айтылды. Наристени аман алып калгандардын бири колун жабыркатып алган. Дагестан полициясы кыздын ата-энеси жазага тартылбай турганын, ал эми айдоочуларга сыйлык берилерин белгиледи.

Ал арада Махачкала мэриясы кыздын өмүрүн сактап калган кызматкерлерди сыйлоо үчүн издеп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Жергиликтүү полиция ата-энелерди балдарды кароосуз калтырбоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0