Аз жерден калыптыр! Курчанбай калган киши дельтаплан менен учкан видео

Жазылуу
Коопсуздук курун курчанганды унутуп, дельтаплан менен асманга көтөрүлүп, өмүрү коркунучта калган кишинин видеосу интернет колдонуучуларын таңгалдырды.

Окуя тууралуу баян YouTube каналына жайгаштырылган.

Маалыматта окуя Швейцарияда болгону айтылат.

Турист жашоосунда биринчи жолу эмгек өргүүсүндө Швейцариядан дельтаплан менен учууга бел байлап, аз жерден калган. Себеби инструктор коопсуздук боосун бекитүүнү унутуп калган.

Бомбардировщик упал на ферму в США — момент крушения попал на видео - Sputnik Кыргызстан
Бомба ташуучу учактын ферманын үстүнө кулаган учуру видеого тартылып калган
Кетирген каталыгын кеч байкаган турист, окутуучусу менен шассиге бекем жармашып, абада эки мүнөттөй калкып жүргөн.

Айласы кеткен туристтер жерде тургандыктан, мындай көрүнүштү видеого тартып калуудан башка жардам бере алган эмес. Бактыга жараша, асмандагылар олуттуу жаракат алган жок. Жерге араң конуп, колу сынган киши инструктор менен кошо түз эле оорукананы көздөй жөнөшкөн.

Видеодо дельтапланда кооптуулугу сакталбаган үрөй учурган кадрларга күбө болосуздар.

Буга чейин да интернет айдыңына ушуга окшогон окуя тууралуу маалымат тараган. Чикагодогу Жон Хэнкоктун имаратындагы лифт 95-кабаттан кишилери менен түшүп кеткен. Кийин аныкталгандай, лифтини кармап турган трос үзүлүп кетип, бактыга жараша, алты кишинин бири да жабыркаган эмес. 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0