Сүт ташыган унаа жеңил машина менен кагышып оодарылып калды. Видео

Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча оор жүк ташуучу автоунаа менен ВАЗ-2107 жол талаша кеткен.

Чүй облусунун Эфиронос айылында сүт ташыган машина менен жеңил унаа кагышканын күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын ЖКККБсынын маалымат кызматы жол кырсыгы болгонун тастыктады.

"Жол кырсыгы Чүй облусунун Панфилов районундагы Эфиронос айылына жакын жердеги трассада болгон. ВАЗ-2107 автоунаасы менен сүт ташыган ЗИЛ машинасы кагышкан. Анын кесепетинен сүт ташыган автоунаа оодарылып калган", — деп милициядан маалымдашты.

Чүй облустук милициясынын алдын ала маалыматы боюнча эки айдоочу жол талаша кетип, биринчиси экинчисин озуп өтүүгө аракет кылган. Жол кырсыктан эч ким жаракат алган эмес. Бардык материалдар тергөө органдарына берилди.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0