Салтанаттуу азем “Хан ордонун” сахнасында “Көчмөндөрдүн алтын доору” аттуу театрлаштырылган оюн-зоок менен башталды. Анда кыргыздардын тарыхы жана улуттук салт-санаасы чагылдырылды. Оюн аяктагандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, көчмөндөрдүн мурасын жана көчмөн рухун сактап калган Кыргызстанда сыймыктуу жана кубанычтуу салтанат болуп жатканын белгиледи.
Иш-чаранын башкы режиссеру жана көркөм жетекчиси Алтынбек Максүтовдун айтымында, машстабдуу оюн-зоокту коюуга республиканын бардык театрларынан чогулган 1200 өнөрпоз жана 200гө жакын каскадер катышууда.
“Көчмөндөр оюндарына декабрь айынан тарта эле даярдыктарды баштаганбыз. Жумасына үч-төрт жолу Кырчынга келип жерди ченеп, курулушка даярдап жаттык. Кыргызстандын жети облусу жана эки шаары ордо куруп 570 боз үй тигишти. Мындан сырткары, жети коомдук уюм боз үйлөрүн алып 16 ордо түзүлдү. Мекемелердин жана тамактануу жайындагы боз үйлөрдү кошкондо жалпы саны 1000ден ашат”, — деди Максүтов.
Ошондой эле ар бир ордо өзүнүн программаларын даярдап келгенин, андыктан күнүгө 160 маданий иш-чара болорун кошумчалады.
Этно шаарды аралай бассаңыз көчмөн элинини тамак-ашын, этно базарын көрө аласыз.
Белгилей кетсек, Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын Кыргызстан ушуну менен үчүнчү ирет өткөрүп жатат. Кийинки оюндардын эстафетасы Түркия мамлекетине тапшырылды.