02:09 21 Баш оона 2018
Түз эфир
  • USD69.4557
  • EUR79.1552
  • RUB1.0386
Видео

"Ош" базардын аймагындагы эт комбинатында чыккан өрттүн асмандан көрүнүшү

Кыскача шилтеме алуу
368 0 0
© Sputnik / Эмиль Садыров

Бүгүн, 9-августта таңга маал "Ош" базарынын аймагындагы эт комбинатынын чатырынан өрт чыкты.

Аталган завод борбор калаанын Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча жалын 1000 чарчы метр аянтты жалмады. Өрттү өчүрүүгө 5 унаа тартылган жана жеринде бир штаб иш алып барууда. Өрт таңкы саат 4.50 чамасында башталган, саат 10.50гө карата алынган маалымат боюнча жалын дагы эле чектөөгө алына элек. Бактыга жараша кырсыктан адамдар жаракат алган эмес.

Белгилей кетсек, ӨКМдин биринчи маалыматында ун чыгаруучу завод күйүп жатканы айтылса, кийинчерээк ал эт комбинаты экенин тастыкташты.

Тема боюнча

"Ош" базарында ун чыгаруучу завод күйүп жатат. Видео
"Ош" базарынын аймагынан өрт чыкты. Жеринен тартылган видео
Белгилер:
өчүрүү, Өрт, ӨКМ, Ош базары
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ