08:24 04 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Видео

Күйөөсүн көңүлдөшү менен кармап алган кытай келин эмне кылды. Видео

Кыскача шилтеме алуу
157600

Полиция үчөөнү тең камады.

Кытайда кызганчаак аял күйөөсүн көңүлдөшү менен унаада бара жаткан жеринен кармап алып, чатак чыгарды.

Окуянын видеосу  The Daily Mail басылмасынын YouTube каналына жайгаштырылды.

Маалыматка караганда, күбөлөр Нанкин шаарында болгон окуяны видеого тартып алышкан. Аял күйөөсүнүн унаасында көңүлдөшү отуруп бара жатканын капысынан көрө алып, машина жүрүп бара жаткан жеринен үстүнө секирген. Жолдошу унааны токтотконго чейин маңдайкы терезесин таяк менен койгулап барган.

Качан жолдошу унаадан түшкөндө жубайы "Сен мени алдадың, үй сатып алабыз деп коюп, өзүң башка аял менен жүрөсүң!" — деп кыйкырган.

Күбөлөр унаанын эшигин ачып, үй-бүлөнүн ортосуна түшкөн аялды уяткарышты.

Маалыматка караганда, окуянын үч каарманын тең полиция алып кеткен.

Тема боюнча

Күйөөм кызгана берип күн көрсөтпөй калды. Канткенде жаным калат?..
Кайненем чачыман сүйрөп... Кайындары менен чогуу турган келиндин муңу
Белгилер:
кызганыч, үй-бүлө, Кытай

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ