Лейлек районунда экинчи жолу өзгөчө кырдаал жарыяланды. Видео

Жазылуу
Жаратылыш кырсыгы болгон аймакта аскер кызматкерлери, куткаруучулар иштеп жатат.

Баткен облусунун Лейлек районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Последствия циклона в Омане - Sputnik Кыргызстан
Жалган эмес! Нөшөрлөгөн жаандан улам дүйнөдөгү эң ири чөлдү суу каптады
Билдирүүгө ылайык, 9-июнь күнү саат 16:15тер чамасында катуу жааган жамгырдан улам Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак жана Ак-Суу айыл аймактарында сел жүргөн. Анын кесепетинен бир бала бакча, 13 үй, 67 жергиликтүү тургундун чарбасы, жолдор жана арыктар суу алдында калган.

Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга аскерлер, куткаруучулар жардам берүүдө. Окуя болгон аймакка өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов да барган. Учурда айрым жашоочуларды тез арада чатырларга көчүрүү пландалууда.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 13-майында аталган райондо нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суунун деңгээли көтөрүлүп, үйлөрдү суу каптаган болчу. Ошондо да өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0