Бишкекте жол инспекторун бетке тээп кетип калган киши. Окуянын видеосу чыкты

Жазылуу
Айдоочу баш ийбегендиги үчүн унаасынын номерин чечип алууга аракет кылып жаткан инспекторду бетке тепкен.

Случаи семейного насилия - Sputnik Кыргызстан
Москвада мурдагы аялын токмоктоп, зордуктап жүргөн кыргызстандык кармалды
Окуя 27-апрель күнү саат 14.30дар чамасында Bishkek Park соода борбору курчоого алынган учурда Чүй проспектиси менен Исанов көчөсүнүн кесилишинде болду.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкери айдоочуга Исанов көчөсүнө бурулбай, Чүй проспектиси менен түз кетиши керектигин айткан. Ага баш ийгиси келбеген айдоочу каршылык көрсөтүп, бетке тээп туруп, унаасын айдай качкан.

Бишкек шаары боюнча "Кармоо" планы жарыяланып, 25 жаштагы айдоочу 28-апрелге караган түнү колго түшүрүлдү.

"Ал Исанов көчөсүнүн жабык экенин билбей эле дарыканага шашып бара жатканын айтып, ал эми милиционер менен араздашкысы келбегенин кошумчалады", — деп айтышты милициядан.

Учурда шектелүүчү Биринчи май районунун төргөө бөлүмүнө жеткирилип, иликтөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0