Маршрутка сүзгөн наристе буту жок жөрмөлөп... Энесиз калган бөбөктүн тагдыры

Жазылуу
Жумайым бир айдан кийин 2 жашка толот. Жол кырсыгы бир бутунан ажыратып, энесиз калтырды.

9-февралда Бишкек шаарында үрөй учурган жол кырсыгы катталган. Анда Элебесов көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жайдан ак түстөгү кичи автобус эне-баланы сүзүп кетип, апасы ошол жерден көз жуумп, наристе аман калган.

Өлүмгө чейинки секундалар. Кызын көтөрүп бараткан келинди бус коюп кетти - Sputnik Кыргызстан
Өлүмгө чейинки секундалар. Кызын көтөрүп бараткан келинди бус коюп кетти
Каргашалуу кырсыктан эмчектеги ымыркай энесинен гана эмес, бир бутунан да ажырады. Андан бери эки ай өттү. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги наристенин абалынан кабар алып, атасы кызын кантип карап жатканын сурап келди.

Биз барсак наристе чоң апасы менен телефондон мультфильм көрүп отуруптур. Телефонду шуулдатып баскылап кыргызча клиптерди өзү коюп алат экен. Бизге да кыргызча ырларга бийлеп берди. Жумайымды атасы менен 56 жаштагы чоң апасы карап жатыптыр.

"Неберемди ооруканадан өзүм карап жаттым. Үйгө чыгып келгенден кийин эшик ачылса эле "апа" деп чуркап чыгып жүрөгүмдү оорутту. Азыр да апасын издейт… түнкүсүн кээде ыйлайт. Баткенге алып кетип багайын десем бат-баттан дарыгерлерге алып барып туруш керек экен. Карыганда бала багыш деле кыйын да, жакында Москвадан келин-уулум келди, эми ошолор карашат го", — деди наристенин чоң энеси Батма Сарыбаева.

Жумайымдын ата-энеси Жыргал Чотонов менен келинчеги маркум Жазгүл Өмүрбекова Бишкек шаарына Баткенден 2005-жылдары эле келген. Көпкө чейин балалуу боло албай жүрүп Россияга барып иштеп келгенден кийин кыздуу болушкан. Жумайым алардын көптөн күткөн жалгыз кызы эле.

Пожар в здании церкви и в частной школе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Эне-баланы коюп кеткен айдоочунун аялы: жолдошум ун, макарон ташып иштечү
"Өзүм буга чейин тигүү цехтердин биринде үтүкчү болуп иштечүмүн. Бирок апам кызымды жалгыз карай албагандыктан азырынча ишке чыга элекмин. Жакында жол кырсыгы боюнча сот иштери да башталат. Ал бүткөндөн кийин биротоло жумушка чыгам. Кызыма болсо азыр дарыгерлер жасалма бут сала албайбыз деди. Анткени бир бутун жамбашына чейин кесип салгандыктан жасалма бут салууга кичине сөөк өсүш керек экен. Бирок протездерди алууга азыртан эле кезекке туруп койдук. Буюрса 5-6 жашында салынат го", — деди Жумайымдын атасы Жыргал Чотонов.

Үй ээси учурдан пайдаланып кайрымдуу адамдарга да ыраазычылыгын билдирип кетти.

"Биздин окуяга көңүл кош караган адам болгон жок. Айрымдары Элсомго акча салып, кээ бири ооруканага келип колунан келген жардамдарын берип жатты. Алардын арасында пакистандык студенттер, Катардын Кыргызстандагы элчилиги да болду. Көпчүлүк жардамды карапайым эле адамдар берди. Биз Россияда иштеп жүргөндө келинчегим бир орус аялдын апасын карачу эле. Жазгүлдү ал аял абдан жакшы көрүп экөө телефондон сүйлөшүп турчу. Келинчегим каза болуп, кызым кырсыктаганын уккандан кийин жардам иретинде Россиядан акча которуп жибериптир. Чынында күткөн эмесмин. Бул жашоодо боорукер адамдар көп экен. Өкмөт башчы Сапар Исаков да акчалай жардам берди", — деди Чотонов.

Диванда отурган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маршрутка сүзгөн келиндин жолдошу: "алдамчысың" деп коркутуп чалгандар көбөйдү
Бишкек милициясы болсо кырсык болгон күнү эле эне-баланы коюп кеткен айдоочуну камакка алган. Белгилүү болгондой, айдоочуга 281-берененин экинчи бөлүгү (жабырлануучунун өлүмүнө алып келген жол эрежесин бузуу) боюнча айып тагылган. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын жубайы менен байланышып, бул үй-бүлөнүн да чоо-жайын билген.

Ошол күнкү үрөй учурган окуя видеокөзөмөлгө да түшүп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0