Мектептин курулуш иштерине кытайлык ТВЕА компаниясы эки миллион доллар грант бөлгөн. Инвесторлор подрядчиктерди өздөрү тандап, сметасын түзүшкөн.
Кийин ТВЕА "Главстрой" деген дагы бир компанияны алып келген. Бул компания дагы материал алганга акча керек дегенде ТВЕА 288 миң 600 доллар которгон. Алар ишти 2016-жылдын 1-сентябрында бүтүрөбүз дешкен. Иш ойдогудай жүргөн эмес, бирок имараттын каркасы пайда болгон.
Жалпак тил менен айтканда "Альто Групп" менен "Главстрой" фундамент менен каркаска 1 миллион 288 миң 600 доллар сарптаган.
Үчүнчү "Айкөл Строй" аттуу компания курулуш ишин акырына чейин чыгарган. Бирок 2 миллиондон калган 759 миң доллар курулушка жетпей калгандыктан мэрия шаардык бюджеттен дагы 1,45 миллион доллар бөлгөн. Объект өткөн жылы эксплуатацияга берилген.
Бирок Башкы прокуратура мектеп Кытай бөлгөн каражатка гана курулуп бүтүшү керек болчу деп эсептейт. Көзөмөл орган "Айкөл Строй" ишканасы курулуш ишин кытай компаниясы бөлгөн 700 миңдей долларга бүтүрбөстөн, мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы жана Финансы башкармалыгынын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, бюджеттен дагы кошумча каражат бөлдүрүп алган деген жүйө менен кылмыш ишин козгогон.