00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:08
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкек ТЭЦинин экс-жетекчиси: аттиштен башка нерселер да кымбат алынган

© AP Photo / Frank AugsteinПромышленная ярмарке в Ганновере, Германия
Промышленная ярмарке в Ганновере, Германия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылуулук энергетикалык борбордун мурдагы жетекчиси станцияны модернизациялоо алда канча арзан болмоктугун, бирок баалар жасалма жогорулатылганын айтып берди.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо материалдар менен жабдуулар кымбат баада сатылып алынган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине шаарды жылуулук менен камсыздоочу борбордун мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу билдирди.

Эскерте кетсек, интернет айдыңында ТЭЦтин жаңы блоктору үчүн аттиш менен видеокамералар базар баасынан кыйла кымбат сатып алынганы тууралуу маалымат жарыяланган. Өмүркул уулу аттишттин ар бири 600, ал эми камералар 14,5 миң доллардан алынганын жар салган.

"Мунун баары баалар тизмегинде көрсөтүлгөн. Жабдууга жумшалган акча да жогорулатылган. Менимче, бааны жасалма көтөрүп 386 миллион долларды (ТЭЦти модернизациялоонун чыгымы — ред.) чыгаруу керек болгон. Жылуулук электр станцияларын курган башка мамлекеттер менен деле салыштырсак, реконструкцияга 250-260 миллион доллар корошу керек эле", — деди экс-директор.

Өмүркул уулу эл аттиш менен камералардын чыныгы баасын билгендиктен сатып алынган нарк коомчулукту уу-дуу түшүргөнүн, ал арада жабдуу дагы бир топ эле кымбат сатып алынганын белгиледи.

Видеобайкоо камерасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат ТЭЦке орнотулган видеокамералардын сүрөтүн жарыялады
"Түтүн соргучтун 200 миң же 2 миллион доллар турарын көп киши ажыратып биле бербесе керек. Ал жакта баалардын баары жогорулатылган", — деди ал.

Улуттук энергохолдинг жана ТЭЦтин ишин тескеген "Электр станциялары" ишканасынан пикир алууга мүмкүн болгон жок. Бирок кечээ энергетиктер видеокамералардын сатып алынышы боюнча билдирүү тараткан.

26-январь күнү Бишкек ТЭЦинде авария болуп, кубаттуулугу кескин төмөндөп кеткен да шаардыктардын үйү кыйла муздаган. Кесепеттери жоюлгандан кийин авариянын себебин аныктоо үчүн комиссия түзүлүп, Нурлан Өмүркул уулу директорлуктан алынган

Эскерте кетсек, ТЭЦти модернизациялоо иштери 2013-жылдын жай айларында башталып, төрт жылдан кийин соңуна чыккан. Кыргыз өкмөтү Кытайдын ТВЕА компаниясы менен 386 миллион долларлык макулдашууга кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0