Баткен облусунда 10 миң гектардан ашуун жерде өрүк багы бар. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү билдирди.
Учурда аталган аймактагы өрүктүн 80 пайызы гүлүн ачты. Тажикстан менен чектешкен Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө аймактын климаты ысык келгендиктен өрүктөр башка райондорго салыштырмалуу эрте гүлдөйт. Учурда аталган аймактагы өрүктөр гүлүн төктү.
Алардын арасында эрте бышканы — "Ашкана" өрүгү. Май айынын аяк ченинде бышып, бирок кургатылбай экспорттолот. Облуста жылына 60 миң тонна түшүм алынса, анын 10 миң тоннасын "Ашкана" сорту түзөт. Жергиликтүүлөр өрүктүн бул сортун "Ак өрүк" деп атап алышкан, ал Россияга жана Казакстанга сатылат.
Ал эми "Курмайы", "Сууханы" жана "Исфарак" сортундагы өрүктөр июнь айынын аяктарында быша баштайт. Күзгө чейин толук жыйналып, күнгө какталып, кургатылып, базарларга сатыкка чыгат.
Жергиликтүү дыйкандар өрүктүн бышкан мөмөсүн "алтын күкүрт" менен ыштап, ичиндеги сөөгүн чыгарып, андан соң бир жумадан ашуун убакыт күнгө кактап, кургатышат.
"Алыш-Дан" кооперативинин жетекчиси Турсунали Төлөмүшевдин айтымында, органикалык өрүк өндүрүү облус аймагында жакынкы мезгилден бери колго алына баштады.
"Органикалык өрүк өндүрүү ЕАЭБ талаптарына жооп берет, таза продукция. Анткени аны кургатууда химикат колдонулбай, экспортко жакшы жол ачылат. Кардарлар көбөйөт. Биздин кооперативде жалаң органикалык түшүм алынат. Бирок сактоочу кампа жоктугунан кыйынчылык жаралууда" — деди Төлөмүшев.
Баткен өрүгүнүн 90 пайызы жергиликтүү дыйкандар тарабынан ички базарлар менен тажикстандык ишкерлерге сатылат. Баткендеги жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөсү Бекболот Мадумаров муну облус аймагында өрүктү кайра иштеп экспортко даярдоочу жана таңгактоочу ишкананын жоктугу менен байланыштырды.
"Баткенде өндүрүлгөн өрүк Тажикстандын ишкерлерине сатылат. Алар бизден алып кайра иштетип, Тажикстандын атынан экспортко чыгарышат. Бизде кайра иштетүүчү ишкана болсо дыйкандардан алып, башка мамлекетке экспорттойт элек. Дагы бир көйгөй — өрүктү сатып алуучу кардарлар ири көлөмдөгү түшүм сурайт. Биз анчаны жыйнай албайбыз. Анткени алар убактысы менен алып кетишет. Өрүктү алып кеткенче аны убактылуу сактап туруучу атайын логистикалык борборлор жок", — деди Мадумаров.
Төлөмүшевдин айтымында, облуста өндүрүлгөн түшүмдү экспортко чыгарууга атайын лицензиянын жоктугунан да маселе жаралып келет.