Бишкекте өрт өчүрүү кызматкерлери митингге чыгышты. Видео

Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү кызматынын имаратынын алдына куткаруучулар митингге чыгышты.

Бир нече ондогон кызматкерлер маянаны көтөрүүнү жана шарттарды жакшыртууну талап кылышууда.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жеринен түз алып берип жатат.

Акцияга катышкандардын бири айлык акылары себепсиз кыскартылып жатканын айтты.

"Мен 13,5 миң сом алам. Өткөн айда 6 миң сом кармап калышты, андан мурда колума беш эле миң сом тийди. Себебин эч ким түшүндүргөн жок", — деди ал.

Кээ бирлери болгону 1000-1500 сом алышканын айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0