Боздогон энелер, үзүлгөн үмүт, эстелик... Учак кырсыгынан каза болгондор эскерилди

Жазылуу
Бир жыл мурун Бишкектен анча алыс эмес Дача Су айылына Boeing 747 жүк ташуучу учагы кулап, каргашалуу кырсык 39 адамдын өмүрүн алып кеткен.

Аталган айылдын башына каза болгондордун элесине арналган мемориалдык комплекс орнотулуп, бүгүн анын расмий ачылышы болду.

Колдоруна бирден кызыл гүл кармаган энелер, аталар, балдар көздөрүнө жаш алып автобустан түшүп жатты. Алар каргашалуу кырсыкты дагы бир жолу эскерип, балдарына, ата-энесине, бир тууганына орнотулган эстеликке гүл койгону келишкен. Арасында авиакырсыкта ата-эне, бир туугандарынан ажыраган Жакшылык менен Султан да жүрдү. 

© Sputnik / Таалайгуль УсебаеваЦеремония открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ
Церемония открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Церемония открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ

"Балдарым келип калчудай сезилип күндө эшик карап күтө берчүмүн. Алардын келбес сапарга кеткенин азыр эстеликти көрүп ишенип жатам. Неберемди көрүп, ата-энесин эстеп айткан сайын сай-сөөгүм сыздайт", —деп жашыды Жакшылыктын чоң апасы Токтайым Акбаралиева.

© Sputnik / Таалайгуль УсебаеваЦеремония открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ
Церемония открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Церемония открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ
Эстеликтин ачылышына президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев, өкмөт мүчөлөрү, Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жана каза болгондордун жакындары менен айыл тургундары катышты.

Иш-чарада Абулгазиев элибиздин башына экинчи мындай апаат келбесин деген тилегин айтты.

© Фото / Роман ГайнановЦеремония открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ
Церемония открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Церемония открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ

"Туура бир жыл мурун Дача Су айылынын дал ушул тилкесине түрк компаниясынын учагы кулап, кырсыктан 39 адам көз жумган. Мен жаран катары президенттин атынан жакындарын жоготкондорго дагы бир жолу көңүл айтам. Кырсыктын кесепетин жоюу боюнча колдон келген иштер жасалды. Ал күнү элибиз жапа тырмак биригип кичинекей балдар оюнчугун, кары-картаңдар пенсиясын көтөрүп, айтор, кайдыгер караган адам калган жок. Үй-жайы жок көчөдө эч ким калган жок. Бардыгына жардам көрсөтүлдү", — деди Абулгазиев.

© Sputnik / Таалайгуль УсебаеваЦеремония открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ
Церемония открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Церемония открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ
Ал эми кырсыктан жабыркаган тараптан түзүлгөн комиссиянын төрайымы Венера Шейшенова ӨКМге чогулган элдин акчасы менен түрк тарабынан берилген компенсация ачык-айкын бөлүштүрүлгөнүн кошумчалап кетти.

"Мен кулаган учак кырсыгынан жабыркап, жакындарынын жоготкондордун атынан өкмөткө эч кандай нааразычылыгыбыз жок деп айтып кетээр элем. Элибиз чогултуп берген каражат менен түрк компаниясы тарабынан берилген компенсация адилеттүү бөлүштүрүлдү. Бирок акча менен алардын ордун толтура албайт экенсиң. Миллион сом да жакындарыбыздын бир секунддук өмүрүнө тете болбойт", — деди кырсыктан үч баласынан ажыраган Шейшенова.

© Sputnik / Таалайгуль УсебаеваЦеремония открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ
Церемония открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Церемония открытия памятника погибшим в результате авиакрушения в Дача СУ
Эстелик мрамор таштан жасалып экиге бөлүнгөн, ортосунда учактын канаты кулап келе жаткан элес бар. Эки жагына каза болгон 39 адамдын аты-жөнү жазылып, астына төрт сап ыр берилген. Өкмөттөн жаз келээри менен учак кулап, түрттүрүлгөн үйлөрдүн ордуна сейил бак ачылаарын кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0