Бишкектин "Ала-Тоосунда" башкы балатынын оту жанды. Жомоктогудай көрүнүш

Жазылуу
25 метрлик жаркылдаган балатынын отун калаа мэри Албек Ибраимов жандырды

Бүгүн, 15-декабрда борбор калаанын "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн жаңы жылдык башкы балатысынын оту чоң салтанат менен жанды.

Жаңы жылдык балаты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкөдөгү эң кымбат жаңы жылдык балаты кайсы шаарга коюлат? Рейтинг
Жыңы жылдык балатыны орнотууга камылга аркы шейшемби, 5-декабрда эле башталган. Бул майрамдык символиканын узундугу 25 метрди түздү. Балатыга 87 ири жана 150 кичи сары түстөгү оюу-чийүүлөр түшүрүлгөн.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов отту жандыруу салтанатында шаардыктарга көңүлдүү маанай каалады.

Балатынын отун жандыруу салтанатына жүздөгөн шаардыктар күбө болуп, аларга кыргыз эстрадасынын өкүлдөрү концерт тартуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0