21:20 05 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4602
  • RUB1.0946
Видео

Бийлик эркекти жазаласын же токолдун укугун коргосун! Өлүк мыйзам ойгонгондо

Кыскача шилтеме алуу
Кайра көтөрүлгөн көп аялдуулук маселеси (18)
371 0 0
© Sputnik / Эмиль Садыров

Кыргызстандагы көп аялдуулук боюнча тегерек стол Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өттү

Белгилей кетсек, дин аалымы Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын билдирип, бул кадамы менен башкаларга үлгү болууну максат кылганын айткан болчу. Аалымдын бул кадамы коомчулукта кызуу талаш-тартышка жем таштады

Иш-чарада сөз сүйлөгөн аялдардын "Мутакалим" прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы Чубак ажы Жалилов диний лидер катары көп аялдуулукка чакырык таштаганына мамлекеттик органдар жооп бериш керектигин айтты.

"Күнүгө мага "күйөөм үстүмөн аял алып жатат же экинчи аялы болуп тийип кайра ажыраштым, эмне кылышым керек" деп күнүгө эки-үч аял кайрылат. Бул боюнча биздин коомго 50 миңге жакын аял арызданып келген. Бирок юридикалык бир да кагазы жок болуп жатат. Кыргызстанда ДНК анализдерин далилдөөчү лаборатория жок. Алматыга барыш үчүн 3000-4000 доллар керектелет. Эгер мыйзам иштебесе укуктарын коргоп берүү керек", — деди Фронтбек кызы.

Ал эми ЖК депутаты Аида Касымалиева сойкулукка каршы, социалдык жактан муктаж жесир аялдарды тойгузуу үчүн аялдыкка алгандын ордуна ошол эркектер жумуш орундарын түзүп беришсин деген пикирин билдирди.

"Аялдар "Чубак ажы андан көрө бизге тандыр же тигүүчү машина алып берсинчи, өзүбүз иштейли" деп жатышат. "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы быйыл 5-12-июлда сурамжылоо жүргүзүптүр. Ага катышкандардын 67 пайызы көп аялдуулукка каршы болсо, 21 пайызы макул болгон. Бирок "сиздин кызыңыз, аялыңыз же өзүңүз бирөөнүн экинчи аялы болууга даярсызбы?" деген суроого макул болгондордун үчтөн бир бөлүгү кайра каршымын деген. Болбосо дагы ушундай сурамжылоо жүргүзүшүбүз керек", — деди Касымалиева.

Ал эми муфтияттын фатва бөлүмүнүн кызматкери Бактияр Токтогазы уулу мыйзам боюнча экинчи аялга нике күбөлүк берилбегени менен динде эки аялынын укуктары бүт тарабынан бирдей экенин айтты. Ошондой эле ал бирөөсүн жакшы карап, экинчисин карабай коюу чоң күнөө экенин белгиледи.

Тема:
Кайра көтөрүлгөн көп аялдуулук маселеси (18)

Тема боюнча

Жамал Фронтбек кызы: өлкөдө экинчи-үчүнчү аял болгондордун саны 50 миңге жетет
Чубак ажынын төшөк жаңыртышы. Токол маселеси кайрадан кызыл чеке түшүргөндө
Токол алганы үчүн жазасын өтөп бүткөн эркек кайда барат. Юристтин түшүндүрмөсү
Белгилер:
көп аялдуулук, үй бүлө, укук, Аида Касымалиева, Жамал Фронтбек кызы

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ