Түзүлгөн графикке ылайык, бүгүн Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Бакыт Төрөбаев жана Камчыбек Ташиев эфирге чыкмак. Бирок Ташиев шайлоого катышуудан баш тарткан. Ал эми Төрөбаев телеканал тарабынан акысыз берилген дебаттарга катышуудан баш тартарын айтып 26-сентябрда арыз менен кайрылган. Кийинчерээк ал чечимин өзгөртүп кайра дебатка катышууга ниеттенип жатканы маалымдалган. Бирок КТРК жетекчилиги аны графикке киргизүү мүмкүн эместигин билдирген.
Мындан улам бүгүнкү дебатка Бекназаров менен Мадумаров чыгат (ар бирине 25 мүнөт берилет).
Белгилей кетсек, КТРК телеканалында дебаттын биринчи туру 3-5-октябрда, экинчи туру 11-12-октябрь күндөрү болот. Буга чейин дебаттар ЭлТР телеканалында өткөрүлгөн.