00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Рекорд! РКӨФ быйыл өлкө экономикасына 225 миллион доллар инвестиция салды
13:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
с Таалайбеком Ороскуловым
14:06
60 мин
Ачык кеп
Петарда, салюттар жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Поддержка молодёжных инициатив – о конкурсах для молодых творческих школьников и студентов от АНО «Евразия»
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Жасалма интеллект жана дүйнөлүк экономика. Саресеп
17:04
35 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Выход из тени и послабления для бизнеса — как 2025 год прошел для предпринимателей КР
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Фергана өрөөнүндөгү кыргыз кыз-келиндеринин косметикалары. Тарыхчы менен маек
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Петарда, салюттар жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Уулун чоң энесинен ыйлатып алып кеткен эне: баламды ала албай бир жыл жүрдүм

Жазылуу
Жаш баланы күчкө салып ыйлаткан бойдон алып кетип жаткан видео интернетке жарыяланып коомчулуктун талкуусуна алынууда. Жаңжалдуу окуя Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылында болгон.

Sputnik Кыргызстан агенттиги окуянын чоо-жайын иликтеп көрдү.

Видеодо ыйлап жаткан Акжол Орозалиев 10 жашта. Ал бир туугандарынын улуусу, андан кийин 9 жаштагы карындашы жана 5 жашар иниси бар. Ата-энеси 11 жылдан бери Москвада иштеп жүргөн. Акжол бир жашынан тарта чоң энесинин колунда чоңойгон. Атасы Мамбетхалил Орозалиев өткөн жылдын июль айында жол кырсыгынан улам каза болуп калган.

© Фото / Министерство труда и социального развития КРАкжол үч бир туугандын уулусу. Ал апасы жана бир туугандары менен чогу жашап жатканына эки күн болду
10-летний Акжол Орозалиев (в центе) с семьей - Sputnik Кыргызстан
Акжол үч бир туугандын уулусу. Ал апасы жана бир туугандары менен чогу жашап жатканына эки күн болду

Акжолдун чоң энеси Анвират Орозалиева баланын кетпейм деген оюна койбой күчкө салып алып кетишкенин айтат.

"Биринчи 11-августта келиним баланы алып кетүүгө келгенде кетпейм деп ыйлап туруп алган. Күч колдонуп унаага салып жатышканда коңшулар да кийлигишип алып калганбыз. Андан үч күн өткөндөн кийин милиция менен келип, анда да чыңырып барбайм дегенине карабай алып кетти", — деди чоң энеси.

© Фото / Зульфия ТургуноваБаланын атасы Маматхалил Орозалиев 2016-жылы жол кырсыгына кабылып каза болгон
Бабушка 10-летнего Акжола Анзират Орозалиева - Sputnik Кыргызстан
Баланын атасы Маматхалил Орозалиев 2016-жылы жол кырсыгына кабылып каза болгон

Ал эми апасы Элия Таштутова баланы чоң энесинин колунан күчтөп алып кетүүгө мажбур болгонун билдирди.

"Жолдошум каза болгондон кийин кайын журтума барсам баламды көрсөтпөй, мени урушуп кубалап жатышты. Туугандарымды ээрчитип барып ыйласам да бербей коюшкан. Анан сотко кайрылууга мажбур болдум. Антпей балдарды катташтырып, каралашып турушса мага деле жакшы болмок да", — деди апасы.

Таштутова эгер чоң энеси баласы менен ээн-эркин жолуктуруп турганда мындай кадамга бармак эместигин айтат.

"Ага чейин Акжолдун мектебине барып жолугуп жакшы эле сүйлөшүп кайткам. Мен жөнүндө жаман сөздөрдү айтып баланын оюн башка нукка буруп салышыптыр. Чоң энеси "сен кетсең мен өлүп калам, апаң келгенде кетпейм деп ыйлагын" деп үйрөткөн экен. Балам келгенине эки күн болду, жакшы эле жүрөт", — деди Таштутова.

Ош ОИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев сот баланы апасына берүү чечимин чыгарганын билдирди.

Кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карыганда кароосуз калган Айшакан эне: ар кимдин үйүндө эптеп күн өткөрөм
"Акжолдун апасы Элия Таштутова кайненеси баланы бербей койгондуктан ал сотко кайрылган. Сот апасынын үйүндө кандай шарт түзүлгөнүн ар тараптуу иликтеп чыгып, баланы энесине берүү чечимин чыгарган. Ошондон кийин гана айыл өкмөттүн өкүлдөрү жана жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруу инспекциясынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүрүзүп баланы апасына кайтарып беришкен", — деди Ашырбаев.

Ошондой эле ал бала каалаган учурда чоӊ энеси менен көрүшө аларын жана тиешелүү кызматтар анын жашоосунан кабар алып турарын кошумчалады.

Ал эми Жогорку соттун маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, аталган сот иши райондук, облустук жана жогорку соттон өтүп, натыйжада райондук соттун чечими күчүндө калтырылган.

Үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева учурда бала апасы менен Кара-Суу районунун Сарай айылында жашап жатканын билдирди.

"Социалдык кызматкерлер Акжол жашап жаткан үйгө барып абал менен таанышып келишти. Анда ал апасы жана бир туугандары менен калгысы келгенин айткан. Чоң энеси ага "сен кетип калсаң мен өлүп калам" деп койгон экен. Анан да чоочун кишилер, милиционерлер барса корконунан да ыйлап кетпейм дептир. Бала жашап жаткан үйдө жакшы шарттар каралган", — деди Жумабаева.

Ошол эле учурда күчкө салып алып кетүү туура эмес болгонун белгилеп, алдын ала бала менен сүйлөшүп өзү көнгөндөн кийин гана алып кетүү керек болчу деген пикирин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0