Бир жаздыктан чачы агарган жубайлар баш кошконунун 70 жылдыгын белгилешти

Жазылуу
Бейшебай жана Аписа Солтобаевалардын бирге түтүн булатып жашаганына быйыл 70 жыл толду. Алар 17-16 жаш курагында баш кошушкан.

Всемирные игры кочевников-2016 - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы 100 жаштан ашкан 10 байбиче. Тагдырлар, өксүк менен сүйүнүчтөр
Учурда жубайлар 9 бала, 23 небере, 25 чөбөрөнүн кадырлуу ата-энеси. Эгер бала-чакасы чогулса бир үйгө батпай калышат. Ошондуктан баш кошконунун 70 жылдыгын белгилөө үчүн ресторанды ижарага алышкан. Ресторанга чейин алар небере, чөбөрөлөрү менен "Лимузинге" отуруп шаар ичин кыдырып чыгышты.

Учурда Бейшебай ата 87, Аписа апа 86 жашта. Алардын сүйүүсү жаш кезектегидей, бири-бирин жөлөп таяп бактылуу карылыкты баштан кечирип жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0