01:55 21 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Видео

Африкада пилдин ачык кызыл түстөгү баласы туулду. Видео

Кыскача шилтеме алуу
282 0 0
© Видео / Associated Press

Түштүк Африканын Крюгера улуттук паркында сергек кездешүүчү ачык кызыл түстөгү пилдин баласынын сууга түшүп жаткан видеосун көрсөңүз болот

Түштүк Африканын Лимпопо дарыясында энеси менен сууга түшүп жаткан ачык кызыл түстөгү пилдин баласы табылды.

Көрсө ал альбинос болуп туулган экен. Мындай түстөгү пилдер өтө сейрек кездешет

Тилекке каршы, альбинос-пилдердин бул өзгөчөлүгү ден соолугуна терс таасирин тийгизээри белгилүү. Өзгөчө күндүн ысыгы териси менен көзүн жабыркатат.

Бирок, видеодо көрүнүп тургандай кичинекей пил азырынча бул көйгөйлөргө кабыла элек.

Африка пили — дүйнөдөгү эң ири жаныбар. Узундугу жети метрге чейин жетип, салмагы жети тоннанын тегерегинде болот.

Бүгүнкү күндө ал дагы браконьерчиликтин айынан саны азайып бараткан жаныбарлардын катарын толуктап келүүдө.

Тема боюнча

Сеулда сууга түшүп кеткен пилдин баласын чоңдору чогулуп сактап калышты
Индиядагы фестивалда жинденген пил айланасынын чакчелекейин чыгарды. Видео
Индияда төрт адам жапайы пилдин курмандыгы болду
Белгилер:
өзгөчөлүк, пил, Африка

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ