19:10 19 Баш оона 2017
Түз эфир
Видео

АКШда аялдын унаасы менен 7-кабаттан кулаганы тартылган видео тарады

Кыскача шилтеме алуу
1194 0 0
© Видео / Youtube / CBS SF Bay Area

Божомолдор боюнча айдоочу унааны токтотуп жаткан маалда педалдарды алмаштырып алган.

Айдоочу 7-кабаттан автоунаасы менен кулап, төмөнкү кабаттагы машинаны басып кала жаздаган. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя АКШнын Техас штатындагы Остин шаарында болгон. You Tube каналына жарыяланган видеодо автоунаа үстүңкү кабаттан жерге тигинен түшүп калганын көрүүгө болот. Окуя болоор алдында жердеги автомашина кичине алдыга жылып жабыркаган эмес.

Жергиликтүү Daily Mail басылмасы билдиргендей, кулаган унаанын ээси аял болуп, аны дарыгерлер аман алып калышкан. Божомолдор боюнча айдоочу унааны токтотуп жаткан маалда педалдарды алмаштырып алган.

Тема боюнча

"Арча-Бешиктеги" кандуу кырсык. Унаа менен маршрутканын кагышкан видеосу
Ысык-Көлдө эки унаа кагышып, бир нече адам каза тапты
Белгилер:
кырсык, айдоочу, Кыргызстан

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ