Атамбаев: кызым жүрөк тушка бычак жегенден кийин балдарымды катып жүрдүм

Жазылуу
Бүгүн өлкө башчы Алмазбек Атамбаев жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай алган бүтүрүүчүлөргө алтын сертификат тапшырды. Өз кезегинде ал жашоодо кыйынчылыктар болорун, бирок ага чөкпөш керектигин билдирди.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн иш-чарада Атамбаев билим алууну биринчи орунга коюунун зарылдыгын белгиледи.

"Силер алтын сертификатка ээ болуу менен келечектеги пайдубалыңар бекем түптөлдү. Мен дагы жакшы окугандыгым үчүн баарына жетиштим. Мектепте күн-түн дебей китеп окуй берчүмүн. Ошол мага жардам берди, азыр да берип келе жатат. Эгер өзүңөргө ишенимдүү болсоңор баарын жеңип чыгасыңар. Эч качан мүңкүрөп калбагыла, тагдырга баш ийбегиле, ошондо ийгиликке жетесиңер", — деди Атамбаев.

Вручение золотых сертификатов лучшим выпускникам школ КР - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин бүтүрүүчүлөргө айткан насааты: тагдырга баш ийбегиле
Президент ошондой эле элди бөлбөө жана кыргыз тилин мыкты билүү керектигин айтып өттү.

"Кыргыз тилин билгиле! Мен убагында балдарга көп убакыт бөлө албай калдым, өзгөчө 2000-жылдардан кийин балдарымды жашырып жүрдүм. Анткени бир кызымдын жүрөк тушуна бычак уруп өлтүрүп коё жаздашкан. Ошондон кийин эки кичүү баламды катып жатып тилекке каршы анча көңүл бура албай калдым. Алар кыргыз тилин эми үйрөнүп, сүйлөп жатышат. Тилиңерди эч качан унутпагыла, силер кыргызсыңар. Кыргыз деген "кырк ууз", "кырк улут" деген сөз. Эч кимди бөлбөгүлө! Биз кыргыз жараныбыз!" — деди Атамбаев.

Быйыл алтын сертификаттар кайсы аймактын окуучуларына берилгенин Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган инфографикадан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0