Бишкектин Ленин районунда 100дөй адам көчөдө калды. Бийлик себебин түшүндүрүп берди

Жазылуу
Бишкектин Ленин районундагы Киргизия-2 жаңы конушунун Самойленко, 8 А дарегинде 15 жылдан ашык убакыт жашап келген 26 үй-бүлө төрт күндөн бери көчөдө түнөп жатат.

Аларды жашап жаткан үйүнөн Ленин райондук сотунун чечимине таянып, аталган райондун сот аткаруучулары чыгарышкан.

Жашоочулардын өздөрүнүн айтымында, алар бул даректеги эки кабаттуу имаратка 1999-2000-жылдары каралбай калган учурда келип кирип алышкан. Жашап жаткан үйлөргө расмий укугу жок болгону менен 6-7 жылдан бери Чоң-Арык айыл өкмөтүнө убактылуу каттоого туруп, суу, электр жарыгы жана таштанды үчүн акы төлөп келгенин айтышат.

"Биз бул жакта 10 жылдай тынч жашадык, меники деп эч ким келген эмес. Бирок 2010-жылдан баштап Садыкбек Аблесов деген адам келип менин үйүм, силер чыккыла дей баштады. Андан кийин "Керамика" ЖЧКсынын өкүлдөрү биздики деп келишти. Эми Ленин райондук сотунун сот аткаруучулары бул имараттын ээси "Аманбанктан" кредит алып, алдырып ийген" деп бизди кууп чыгышты", — деди Амандык Макелеев аттуу тургун.

Жашоочулар коммуналдык төлөмдөрдү төлөп жүргөнү менен убактылуу каттоого тургузулбаганын Ленин райондук администрациясынын аппарат жетекчиси Чыңгыз Табылдиев билдирди.

"Алар эч качан каттоого тургузулган эмес. Болгону медициналык кароо же балдарын мектепке киргизүү сыяктуу маселелерде жардам болсун деп Чоң-Арык айыл өкмөтү алардын убуктылуу жашаары тууралуу маалым каттарды беришчү. Бирок бизге Ленин райондук сотунун чечими келгенден кийин справкалар дагы берилбей калган", — деди Табылдиев.

Ал эми Ленин райондук сотунун сот аткаруучусу Үмүтбек Жолдубаевдин айтымында, 16-июнь күнү соттун чечими аткарылды.

Коммерциялык ипотека берген банктардын шарттары - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ипотекалык насыя берген банктар жана акча алуунун шарттары. Тизме
"Керамика" ЖЧКсы "Аманбанктан" насыя алып, аны төлөй албай калгандыктан, күрөөдө турган кыймылсыз мүлк банкка өткөрүп берилген. Мындай чечимди 2013-жылдын 23-сентябрында Ленин райондук соту чыгарган. Имаратты бошотуп бериши керектигин жашоочулдарга бир нече жолу түшүндүргөнбүз. Ал эми 16-июнь күнү мажбурлоо түрүндө чыгарыларын үч күн мурда эскерткенбиз. Аталган имарат 2013-жылга чейин "Керамика" ЖЧКсына тиешелүү болуп, кийин "Аманбактын" менчигине өткөндүгү тууралуу маалымат Мамкатоо кызматында деле бар. Биз мыйзамга каршы эч нерсе кылган жокпуз", — деди Жолдубаев.

Учурда 26 үй-бүлөнүн 90дон ашык мүчөсү дагы деле көчөдө жашап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0