Апам Россияда, эки бөбөгүмдү багыш керек. 7 жашар Эрмектин тагдыры

Жазылуу
Кичинекей Эрмек таенеси Айсулуу апага жардам берип борбор калаадагы соода борборлордун биринин алдына шариктен жасалган гүлдөрдү 20 сомдон сатып иштейт.

Эрте жашынан мээнет тарткан баланын бул тагдырга кандайча туш болуп калганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары сураштырып бир күндүк турмушуна көбө болуп келди.

"Эже, алып коюңузчу, тең акчасына деле берем" деп жолдон ары-бери өткөндөрдүн артынан чуркап, шарик саткан 7 жашар баланы көпчүлүк көрмөксөн болуп өтүп кетсе, араларынан айрымдары гана ага көңүл буруп, гүлүн алышат.

"Үйдө эки бөбөгүм, таенемдин карыган энеси бар. Аларды багалы деп таенем шариктен гүл жасап берет, мен болсо сатам", — деди Эрмек.

Кеч кирип, күн салкындап калганда таенеси экөө шариктен жасалган 200дөй гүлдү алып соода борбордун алдына келишет. Караңгы киргичекти жок дегенде алардын теңин сатып калууга аракет кылган бала тапкан акчасын кемитпей таенесине берет.

Эки колу жок Бейшебай телефондон шахмат ойноп, созолонто ырдайт - Sputnik Кыргызстан
Эки колу жок Бейшебай телефондон шахмат ойноп, созолонто ырдайт
"Балам экөөбүз минтип соода кылууга аргасыздан бардык. Жашоо деген бирде ылдый, бирде өйдө экен. Эрмектин атасы, күйөө балам эки жыл мурун каза болуп калып, кызым үч баласы менен Жалал-Абаддан бул жакка көчүп келген. Балдарды багып соода кылайын деп 100 миң сомдой насыя алып, соодасы болбой калып, насыядан кутулайын деген ой менен үч баласын мага таштап Россияга кеткен. Ал жактан да паспортун жоготуп алып, азыр же жумушка кире албай же бул жакка келе албай жатыптыр", — деди Эрмектин таенеси Айсулуу Абдурахманова.

Татаал тагдырга кабылган бул үй-бүлөдө Эрмектен башкасынын баары ишке жарамсыз. Айсулуу апанын 85 жаштагы апасы төшөктө жатса, Эрмектин 5 жана 1,5 жаштагы эки бөбөгү бар. Тапкан акчалары үйдөгү чай-чемектен ашпайт. Мындан сырткары, Эрмек менен таенесинин мойнунда кызынын алган 100 миң сом насыясы да бар.

"Кызым мындай окуяга туш болгондон кийин бизди баккан эч ким жок болуп калды. Эмне кылсам деп башым катып отуруп кичине балдар үчүн жылуу байпак, майка токуп төрөт үйлөрүнүн алдында сатып көрдүм. Аны деле кышында анда-санда албаса, көп деле өтпөйт экен. Кээде Эрмекти жаныма коюп алып шар үйлөп берип койчумун. Менин байпактарыма караганда гүл шарлар көп өтө баштады. Балам экөөбүз байпакты таштадык да шарга өтүп, мен даярдап, бул сатып калды. Ошентип бул иш менен алектенип калдык", — деди Айсулуу эне.

Помощь семье 3-летнего мальчика Исхака - Sputnik Кыргызстан
Үстүнө үй, алдына коляска… Sputnik Кыргызстан каармандарынын тагдыры кандай өзгөрдү
Бир күндө кичине бала энеси үйлөп берген 200 шардын 100үн эптеп өткөрөт. Соодасы жакшы болгон учурларда Эрмек балмуздак жеп жыргап алат. Сыртынан билгизбегени менен анын көзүнөн апасына болгон сагынычын, кыйынчылыкты байкабай коюуга болбойт.

Бүгүн, 1-июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Эрмекти социалдык тармакка жарыялаган активисттер калаа тургундарына "жаш ишкердин" гүл-шарларын сатып алууга үндөгөн акция уюштурушмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0