Аспирантурада окуган 80 жаштагы Төлөгөн ата диссертация жактайм деп турат

Жазылуу
Ишеналы Арабаев атындагы улуттук университеттин аспирантура бөлүмүндө окуган Төлөгөн Бейшеев билим алууга эч качан кеч болбой турганын далилдөөдө.

Студент карыя 80 жашка чыкса дагы карыдым деп отуруп калбай, кыргыз тилинде студенттер үчүн методикалык материалдарды жана сөздүктөрдү чыгарып, филология илиминен кандидаттык дицертациясын жактоого белсенип жүрөт.

Төлөгөн ата башында китеп чыгарыйын деп мугалимдерге көрсөтсө, алар бул эмгеги менен кандидаттыгын жактап алууну сунушташкан.

"Окуу графиги боюнча жумасына бир күндөн келебиз. Философия, кыргыз тили боюнча сабактар өтүлөт. Ал эми чет тилинен немис тилин окуп жатам. Бул тилди мурда үйрөнгөндүктөн атайын тандап алдым. Кудай буюрса, ушул жылдын май айында экзамен тапшырам. Анан жасаган эмгегим боюнча эксперимент жүргүзөбүз. Андан ийгиликтүү өтсөм, кандидатык диссертация жактоого уруксат берилет. Эгер быйыл коргой албай калсам, аман-эсен турсам эле кийинки жылы да кайра башынан тапшыра берем", — деди Бейшеев.

Төлөгөн ата эки уул, тогуз кыздын атасы, Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Коо айылынын тургуну. Ал 1970-1987 жылдары айылындагы мектепте мугалим болуп эмгектенип, кийин жашоо-шартына байланыштуу дыйкан чарба менен алектенүүгө өткөн.

Жаштар менен тең жарышкан Шакир карыя: машыкпай калсам демим кысылып кетет - Sputnik Кыргызстан
Жаштар менен тең жарышкан Шакир карыя: машыкпай калсам демим кысылып кетет
"Мектепти бүткөндөн кийин Улуттук университеттин филология факультетине залкар жазуучулар Балбай Алагушев, Мар Байжиев, Кеңеш Жусуповдор менен бирге тапшыргам. Бирок үч жыл катары менен эки-үч айдан кийин эле атасы контрреволюционер болгон деп мени окуудан чыгарып сала берген. Акыры атам акталган соң уруксат берилип, 1969-жылы араң жогорку окуу жайды аяктадым", — деди Төлөгөн ата.

Жетекчи мугалимдери ал окуудан сырткары китепканага, архивдерге барып бир топ кызыктуу маалыматтарды таап, катуу даярдык көрүп жүргөнүн айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0