Өзүнүн баласынан таяк жеп көчөдө калган эненин муңу

Жазылуу
Мындан алты жыл мурун жолдошунан ажырап калган 63 жаштагы пенсионер Роза Курбанова эми өз үйүнө ээ боло албай көчөдө калган. Убагында кантип акча тапканын жана баласынын ага болгон мамилесин ойлогондо жашагысы келбей кетерин айткан эне көзүнө жаш алды.

Курбанова 2014-жылдын октябрь айларында баласынан таяк жеп, башы дубалга катуу тийгендиктен эс-учун жоготуп, баш мээси чайкалганын муңдуу эскерди. 

"Жолдошум 2010-жылы каза болуп калды. Бир жылдан кийин эле документтерди даярдап эки кабаттуу үйдү баламдын атына жаздырып койгом. Балээнин бардыгы балам үйлөнгөндөн кийин башталды", — деди Курбанова. 

Ал үйсүз калгандыктан бир нече жылдан бери ар кимдин үйүндө баш калкалап жүргөнүн айтат. 

"Балам үйдү кайдагы бир сектага берип салат деп ойлоп жатат. Бирок ал жаңылышат. Андай эч качан болбойт", — деди эне. 

Шамал улуган тоодогу кыргыздар. Памирдеги боордоштордун жүрөк эзген жашоосу - Sputnik Кыргызстан
Шамал улуган тоодогу кыргыздар. Памирдеги боордоштордун жүрөк эзген жашоосу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Курбанованын баласы менен байланышка чыкканда энесин үйдөн кубалап чыкпаганын билдирди. 

"Апам Йеговы күбөлөрү агымына кирип кеткенден кийин үйгө ар кандай кишилер келе баштады. Тамды кайдагы бир сектага бере турган болду. Ошонун айынан чыр чыгып, үйдөн кетип калды. Апам менен бир нече ирет жолугуп үйгө келип жаша деп айткам. Бирок макул болгон жок. Ал үйдү сыйынуучу жайга айлантууну каалап жатат. А менин үй-бүлөм, балдарым бар да", — деди Курбанованын баласы. 

Ал эми Курбанова баласы канчалык жаман мамиле жасаганына карабастан ага жамандык каалабай тураганын айтып ыйламсырады.

Жаңылыктар түрмөгү
0