Дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө — Индонезия, Малайзия, Түркия, Япония, АКШ, Австралия жана Россияда мекендештерибиз кыргызстандыктарды эгемендүүлүктүн 24 жылдыгы менен куттукташты.
Долбоорго чоңдордон тарта кичинекей бөбөктөргө чейин катышты. Маселен, Индонезиянын Бандунг шаарында жашаган Каныбек Уметовдун кызы 1-класстын окуучусу Нургүл атасын видеого тартканга жардам берди.Эгемендүүлүк майрамын куттуктоого мекендештерибиз чоң ынтызарлык менен катышты.
1991-жылдын 31-августунда Жогорку Кеңештин сессиясы мамлекеттик көз карандысыздык тууралуу декларация кабыл алып, Кыргызстандын эгемендүү демократиялык мамлекет экенин жар салган. 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Баш мыйзам жаңы эгемендүү мамлекеттин түзүлүшүн мыйзам чегинде бекитип берген.
Мамлекеттик майрам 24 жылдан бери масштабдуу түрдө майрамдалып келет.