Оторбаев апрелде төрт эмдүү болгон үй-бүлөгө барды

Жазылуу
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев жакында төрт эм уулдуу болгон Нурлан Зарнаев жана Гүлайым Абдылдаеванын үй-бүлөсүнүн акыбалы менен таанышты.

Оторбаев жолугушуу учурунда көп балалуу үй-бүлөгө КР өкмөтүнүн резервдик фондунан материалдык көмөк көрсөтүү үчүн бөлүнгөн 300 миң сомду тапшырды.

"Эгерде жарандардын жашоо шарты жакшырса, анда калктын саны көбөйүүгө түрткү болот. Акыркы кездери Кыргызстанда төрөлүү көрсөткүчү жогорулап бара жатканы байкалууда", –Оторбаев.

Өкмөт башчысы төрт эмдин төрөлүшү Кыргызстанда өзгөчө окуя экенин айтып, мындай үй-бүлөлөргө бөтөнчө көңүл бурулушу зарыл экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0