00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Будь в курсе
Государство выбрало пряник вместо палки - замглавы ГНС о налоговых льготах для блогеров, общепита и IT
12:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Эндоскопиянын жаңы доору: Кыргызстанда аз инвазивдүү хирургия кантип өнүгүп жатат?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аялдар үчүн саякат эмне үчүн маанилүү: жаңы таасирлер жана ички өсүү
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
13 мин
Туяк
Сүрөтчү-декоратор Молдожан Токтогуловдун тагдыры жана чыгармачылыгы
19:13
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Төрөлгөн төрт эм Зарнаевдерди эми жети уулдуу кылды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүМладенец. Архивное фото
Младенец. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын борборундагы төрөт үйлөрдүн биринде төрт эм эрекек балдар жарыкка келип, Нурлан менен Гүлайымды жети уулдуу кылышты.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Төбөсү көккө жетип сүйүнгөн төрт эмдин атасы Нурлан Зарнаев келинчеги кош бойлуу учурунда дарыгерлер эгиз деп айтканын, кийин кайта үч эм экенин билдиришкенин жана көз жарарына аз калганда дарыгерлер төрт эм төрөлөт деп сүйүнчүлөшкөнүн Sputnik сайтынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

9-апрель күнү Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 34 жаштагы Гүлайым Абдылдаева төрт эм уул төрөгөн. Алардын салмагы – 2 кг. 80 гр., 2 кг. 270 гр, 1 кг. 770 гр. жана 2 кг 591 гр.

35 жаштагы Нурлан Зарнаев менен 34 жаштагы Гүлайым Абдылдаева төрт эмге чейин үч эркек балалуу болушкан. Азыр уулдарынын улуусу Нурсултан 3-класста, экинчиси Эрбол 2-класста окуйт, үчүнчү уулу Элханга бир жаш эки ай болду. Нурлан мырзанын тунгуч уулуна ысымды эжелери, андан кийинкилерине туугандары койгон. 

Төбөсү көккө жете сүйүнгөн жубайлар төрт эмге аты өзүлөрү тандап коюшту.

"Ымыркайларга Кыргызстанга белгилүү болуп калган кишилердин аттарын коюуну чечтик. Уулдарыбызга Алмазбек (президенттин урматына), Асылбек, (ЖК төрагасы Асылбек Жээнбековдун урматына), Кубанычбек (Бишкек мэри Кубанычбек Кулматовдун урматына) жана Камчыбек (Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башчысы Камчыбек Узакбаевдин урматына) деген ысымдарды ыйгардык ", — деди ал.

Төрөтканадан 14-апрелде чыккан Гүлайым Абдылдаеваны шаардык муниципалиттин өкүлдөрү, төрөткананын кызматкелери, туугандары салтанат менен тосуп алып, үйүнө узатышты. Ымыркайлардын чоңоюшу үчүн бийлик өкүлдөрү бардык керектүү жардамдарды бере тургандыктарын айтышты.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев баатыр энеге 170 миң сомду борбордун атынан тапшырса, Бишкек мэриясы 100 миң сом бөлө турган болду.

Төрт эмдин атасы Нурлан Зарнаевге президенттик аппараттан да чалып, Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен аларга батир берилээрин айтышканын кошумчалады. 

"Буюрса батир болуп калат го деп турабыз. Андан сырткары Социалдык коргоо министрлиги да жардам беребиз деп жатат", — деди ал.

Нурлан Зарнаев учурда жеке курулуш фирмасында иштейт. Келинчеги Гүлайым Абдылдаева Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда лаборант. Алар Туңгуч кичи районундагы "Рухий Мурас" жаңы конушунда жашайт. Нурлан Зарнаев 25 жашында биринчи уулду болгон.

Кыргызстандын тарыхында төрт эмдин төрөлүшү ушуну менен экинчи жолу катталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0