Атамбаев АӨБ президентине кызматташуу үчүн ыраазчылык билдирди

Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келген Азиялык өнүгүү банкынын президенти Такехико Накаону кабыл алып, кызматташтык үчүн ыраазычылыгын билдирди.

"20 жылдан бери эле Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкы биргелешип иштешүүдө. Бул мезгил ичинде АӨБ Кыргызстанга 1 миллиард 300 миллион доллар бөлдү. Анын ичинен 400 миллион доллар грант жана кайтарымсыз берилген техникалык жардам болду. Мен сиздердин бул жерде иштеген командага, өзгөчө, Хираока мырзага ыраазычылыгымды билдирем ", — деди мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев. 

Такехико Накао биздин өлкөгө Борбордук Азия аймактык экономикалык конференциянын (ЦАРЭС) 13-министрлик конференциясына, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кызматташтыктын 20 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0