04:37 01 Тогуздун айы 2020
Түз эфир
  • USD79.6000
  • EUR93.1957
  • RUB1.0103
ҮНДӨШ ТЕМАЛАР

Бир үй-бүлө каза тапкан Суусамырдагы жол кырсык

2019-жылдын 18-августунда Бишкек — Ош трассасынын 174-чакырымында Man үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жана Mazda CX-7 менен Honda Torneo үлгүсүндөгү жеңил автокөлүктөр кагышкан. Кырсыктан улам бензовоз оодарылып, эки жеңил унаа трассадан чыгып кеткен. Бензовоз менен Honda Torneo автосунун айдоочулары жабыркаган эмес. Ал эми Mazda CX-7 автосунун айдоочусу, келинчеги, эки баласы менен мерт болгон. Ал эми сегиз жаштагы кызы ооруканага жеткирилген.