00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Тема дня
Не выбрасывайте клеща после укуса - и другие советы врача, которые реально важны этим летом
10:08
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстандын мектептеринде балдар жана ата-энелер үчүн туура тамактануу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Новый порядок приёма иностранных студентов, что меняется
12:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Элди түйшүккө салган сел кырсыктары: кесепеттерди жоюу жана кенемте маселеси кандай болуп жатат?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Милиция Суусамырда мертинген бүлөнүн жоголгон 100 миң сому боюнча үн катты

Жазылуу
Жол кырсыгынан каза болгон үй-бүлөнүн туугандары сумкасындагы 100 миң сом акчасын таппай жатканын айтышкан.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Чүй облустук милициясы Суусамырдагы жол кырсыктан каза болгон үй-бүлөнүн туугандарына кайрылып, жоголгон акча боюнча туугандарын тез арада арыз жазууга чакырды.

Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Суусамырда бир бүлөнүн өмүрүн алган кырсык. Из жашырган айдоочу кармалды
Эскерте кетсек, 18-август күнү Бишкек — Ош трассасынын 174-чакырымында Man үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа жана Mazda CX-7 менен Honda Torneo үлгүсүндөгү жеңил автокөлүктөр кагышкан. Кырсыктан улам бензовоз оодарылып, эки жеңил унаа трассадан чыгып кеткен. Бензовоз менен Honda Torneo автосунун айдоочулары жабыркаган эмес. Ал эми Mazda CX-7 автосунун айдоочусу, анын келинчеги, эки баласы менен мерт болгон. Ал эми сегиз жаштагы кызы ооруканага жеткирилген.

Арадан үч күн өткөндөн кийин набыт болгон үй-бүлөнүн 100 миң сом акчасы жоголгонун туугандары билдирген. Алар кимдир бирөө кийим салган чоң сумкасын аңтарып акчаны алып кеткен деп шек саноодо.

"Жол кырысыгы болгон жерге катардагы жарандар, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору жана ӨКМдин куткаруучулары барышкан. Алар акчаны кимдир бирөө алып коюшуна ишенбей жатат. Чүй ОИИББ тийиштүү териштирүүлөрдү жүргүзүү үчүн маркумдун туугандарын тез арада арыз жазууга чакырат", — деп айтылат маалыматта.

Кырсыктан набыт болгон бүлөнүн башчысы 37 жаштагы Илияз Абдыгапаров Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айылынын тургуну. Буга чейин үй-бүлөсү менен Россиянын Жаңы Уренгой шаарында иштеп жүргөн. Эки ай мурда мекенине эс алууга келип, кайра кетүүгө камынып жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0