50-түрмөдөн качып чыккан кылмышкердин бири Азамат Мусуралиев шейшемби күнү Сокулук районундагы мал сарайдын биринде жашырынып жаткан жеринен жок кылынды. Ошол эле аймактан милиция дагы бир качкын — Алтынбек Итибаевди издөөдө.
Сокулук районунда түрмөдөн качкандардын бирөө Азамат Мусуралиев жок кылынды. Аны менен кошо дагы Алтынбек Итибаев болушу мүмкүн деп аталган аймакта тинтүү иштери жүрүүдө.
Буга чейин түрмөдөн качып чыккан төрт кылмышкердин бири Данияр Кадыралиев жок кылынган.
№50 түрмөдөн качкан Азамат Мүсүралиевди кечээ түнү кинологдор кошулуп издешти. ИИМден ал түндөн пайдаланып качып кеткенге аракет кылышы мүмкүндүгүн айтышты.