Грециянын карызына байланышкан маселени талкуу үчүн евро аймагынын кезексиз жыйыны 22-июнда Брюсселде өтүп жатат. Афинага жардам көрсөтүү программасы 30-июнда аяктайт, ал эми дефолт 1-июлда эле жарыяланышы мүмкүн.
Европанын лидерлери Афинага каржылык жардам берүүдөн баш тарта турган болсо, Россиянын президенти Владимир Путиндин Грецияда фанаттары тез эле көбөйөт деп жазат Foreign Policy.
ММЭМИнин студенти, КРдин жараны Уланбек Кудаяров Грециянын инвестицияларды жана туристтерди тартуу боюнча зор тажрыйбасы Кыргызстанга ашыктык кылбайт эле деп эсептейт.