Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча кызматы Ош облусунда диний абал туурасындагы маалымат топтоп жүргөн деген шек менен кармалган жаранды өлкөдөн чыгарды.
АКШнын жараны Умар Фарукту кармаганда андан "Хизб-ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун жакында кармалган лидерине козголгон кылымыш иши боюнча тергөө документтеринин, террористтик топтор боюнча документтердин көчүрмөсү жана экстремисттик адабияттар табылган. Бул туурасында УКМК билдирди.