Журналист Жапаровдун хоббиси тууралуу суроо узатып, КР президенти чоң тенниске кызыгарын айткан.
Эл башында турган адамдар деле карапайым кишилер сыяктуу бир нерсеге кызыгып, бош убактысында көңүл ачууга аракет кылат. Бүгүн КМШдагы президенттердин хоббиси тууралуу кеп кылабыз.
Экрандан же интернеттен көргөн кыргызстандык белгилүү адамдарды коомдук жайларда анчейин көп жолуктура бербейбиз. Алар кайда барып, бош убактыларын кандай өткөрөт деген суроо туулат. Sputnik Кыргызстан агенттиги депутаттардын жашоо образынан баштап ырчы, режиссёр, чыгармачыл адамдардын бош убактысына чейин сураштырып көрдү.